21:19 20 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.2050
  • EUR95.6676
  • RUB1.0441
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2316)
334 0 0

Соңку суткада өлкө боюнча коронавирус инфекциясын 175 киши жуктурса, анан жарымынан көбүн пневмония менен ооругандар түзгөн.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кечээ коронавируска кабылгандардын көбү ооруканадан тышкаркы пневмонияга кабылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Соңку суткада өлкө боюнча COVID-19 инфекциясын 175 киши жуктурган. Анын 99 учуру клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган. Башкача айтканда, пневмония деп саналат. Калган 76 адамдын анализи лабораториялык жактан тастыкталган.

Өлкөдө бир суткада 13 медиктен COVID табылды

Пневмония аныкталган аймактар:

  • Ош облусу — 37;
  • Баткен — 16;
  • Жалал-Абад — 12;
  • Ош — 12;
  • Ысык-Көл облусу — 7;
  • Бишкек — 5;
  • Талас — 4;
  • Чүй — 3;
  • Нарын — 3.

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта бийлик коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептей баштаган. U07.1 коду коронавирус деп эсептелсе, U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония болуп саналат.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2316)

Тема боюнча

COVID көп катталып жаткан Баткенде сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат
Белгилер:
коронавирус, пневмония, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ