КРге эмчек рагын аныктаган алдыңкы аппарат алып келинди. Ал облустарды кыдырат

© AP Photo / Ariana CubillosОперация на женской груди
Операция на женской груди  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун максаты — онкологиялык оорулардын арасында алдыңкы орунда турган сүт безинин жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн өлкөнүн бардык аймагында аялдарды текшерүү.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекке Германиядан Маммографиялык көчмө борборду ишке киргизүү үчүн заманбап маммограф аппараты алып келинди. Бул тууралуу долбоордун демилгечилеринин бири "Эргэнэ" коомдук фондунан билдиришти.

Аны Кыргызстанга алып келип, ишке киргизүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Түркия кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин жана "Эргэнэ" коомдук фондунун ортосунда үч тараптуу макулдашууга кол коюлган.

Долбоордун максаты — онкологиялык оорулардын арасында алдыңкы орунда турган сүт безинин жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн өлкөнүн бардык аймагында аялдарды текшерүү.

"Көчүп жүрүүчү диагностикалык клиника кезек-кезеги менен облустардагы айылдарды аралап, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна токтойт. Ошол маалда айылдардагы аялдардын ден соолугуна жогорку технологиялык диагностика жүргүзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Аппарат медиктерге тапшырылар замат диагностикалык борбор Токмок шаарына бет алат.

Дарыгер ракты чакыра турган ооруларды атады

Аны сатып алууга кыргызстандык жана түркиялык бир нече мекеме, ошондой эле жеке тараптар каржылык колдоо көрсөткөн.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда онкологиялык оорулардын арасында сүт безинин рагы (19,2 пайыз) менен жатын моюнчасынын рагы (12,7 пайыз) алдыңкы орундарда турат. Бул илдет менен каттоого алынган адамдар көбүнчө диагнозу билинген соң бир жылдын ичинде каза болот. Анын негизги себептеринин бири — үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда текшерүүдөн өткөрүүчү кабинеттердин жоктугу.

Жаңылыктар түрмөгү
0