COVID көп катталып жаткан Баткенде сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат

© REUTERS / SIPHIWE SIBEKOШприц. Архив
Шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облуста жалпы 9000 адамга вакцина сайылат. Адистер өнөктүк мындан ары да этап-этабы менен улантыларын айтышты.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Баткен облусунда сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эмдөө коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну болушу мүмкүн деген божомолду эске алып, сасык тумоону алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Сасык тумоого каршы вакцина сайчу менчик клиникалардын дареги жана акысы

"Эмдөө биринчи кезекте тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы карыларга жана медицина кызматкерлерине жасалууда", — деп айтылат маалыматта.

Облуста жалпы 9000 адамга вакцина сайылат. Адистер өнөктүк алдыда дагы этап-этабы менен улантыларын белгилешти.

Дарыгерлердин айтымында, сасык тумоого каршы эмдөө күз-кыш айларында өтүүчү сасык тумоонун курч түрлөрүнөн сактайт жана оору жуккан учурда да жеңил өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0