Бишкекке сүйүү жана камкордук жетпей... Мэрия элге кайрылды

Жазылуу
Бүгүнкү күндө Бишкекте салык төлөп, продукция чыгарып, өндүрүш менен алектенип, элге кызмат көрсөткөн 72 миң ишкана бар.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы ишкерлер менен уюмдарга калааны көрктөндүрүп, тазалап, өз үйүндөй мамиле кылуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу аталган муниципалитеттен кабарлашты.

Бүгүнкү күндө Бишкекте салык төлөп, продукция чыгарып, өндүрүш менен алектенип, элге кызмат көрсөткөн 72 миң чарба субъектилери бар.

Бишкекти кантип кулпуртса болот? Жаңы мэр Азиз Суракматов менен маек

"Бирок биздин шаарга камкордук, аярлап жана сүйүү менен жасалган мамиле жетишпейт. Урматтуу тургундар, сиздер павильон коюп, кеңселерди, банктарды ачып жатасыздар. Көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бизнес-борборлор тургузулууда. Эмне үчүн өзүңүз иштеткен павильондун жана көп кабаттуу үйдүн жанын гүлдөтүп коюуга болбосун? Жакшынакай отургучту орнотуп, таштанды челек коюп... Бишкекке аяр мамиле кылып, бир чымчым сүйүү арнап коюңуздарчы...", — деген суроо берген мэрия.

Бишкекте жашылдандыруу тартиби боюнча ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарба субъектилери, көп кабаттуу турак жайлардын ээлери, үйлөрдүн кожоюндары жанындагы тилкелерди жашылдандырганга милдеттүү. Же аны карап, иретке келтиргенге киши жалдашы керек. Ал эми жанындагы тилке катары тиешелүү жерден 10 метр аралыктагы аймак эсептелет.

Жайы-кышы жапжашыл болгон өсүмдүктөр. Бишкекте жаңы сквер пайда болду. Сүрөттөр

Бул деген ар дайым "өзүнүн жерин" кышында таштандыдан, кардан жана улам тамчы тама берип чокмороктошуп калган муздан тазалап туруш керек дегендик. Жайында сугарып, чөбүн чаап, бак-дарактарды иретке келтирүү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0