Сапар Исаков Молдовановкадагы колонияга которулду

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков. Архив
 Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков Бишкек ТЭЦин, Тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ипподромду реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп 15 жылга эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков Молдовановка айылындагы №27 түзөтүүчү колонияга которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык, Исаков 23-сентябрдан тарта жазасын ушул колонияда өтөп баштады. 2018-жылдын жай айынан бери ал УКМКнын тергөө абагында кармалып, кийин аны Петровка айылындагы №1 СИЗОго убактылуу которушкан.

65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды

Исаков буга чейин Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп 15 жылга эркинен ажыратылган. Сот ал өкүмдөн тышкары мүлкүн конфискациялоо, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан, II даражадагы "Манас" орденинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0