БШК Аравандагы эки партиянын жаңжалы боюнча маселени бүгүн карайт

Жазылуу
Шайлдабекова буга чейин укук коргоо органдары жаңжалды иликтеп, корутунду чыгарышын күтүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Аравандагы эки партиянын өкүлдөрүнүн массалык мушташы боюнча маселени карайт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары тууралуу маалымат жыйын учурунда билдирди.

Шайлдабекова буга чейин укук коргоо органдары жаңжалды иликтеп, корутунду чыгарышын күткөнүн белгиледи.

"Бизге Ички иштер министрлигинен корутунду келип түштү. Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ аны карап чыгып, БШКнын күн тартибине киргизди. Бүгүн саат 17:00дө боло турган отурумда бул маселени карап, баа беребиз", — деди Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл аймагында 20-сентябрь күнү үгүт ишине 100дөй адам чогулган. Ошол учурда эки партиянын өкүлдөрү мушташа кеткен. Милициянын билдиришинче, мушташ чыгарган деп шектелген 13 адам аныкталды. Учурда анын тогузу Араван райондук ооруканасында жатат.

Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду

Бул окуяга байланыштуу Араван райондук милициясынын начальниги иштен алынган. Ал эми аймактык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0