21:08 28 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531
Коом
Кыскача шилтеме алуу
160 0 0

Түйүн эки жыл мурда түзүлгөн. Анын курамына 140 шаар жана муниципалитет кирет. Мэриядан бул программанын пайдасын түшүндүрүштү.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Муниципалитет коопсуздук боюнча глобалдык борбордон ушул түйүнгө кошулуу боюнча чакыруу алган.

Борбор 2018-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында түзүлгөн. Бул мэрлердин, губернаторлордун жана жергиликтүү практиктердин биринчи глобалдык түйүнү болуп саналат. Анын максаты — социалдык биримдик, туруктуулукту түзүү жана зомбулукка, экстремизмге каршы күрөшүү.

Учурда түйүнгө 140 шаар менен муниципалитет кирет. Маалыматка караганда, катышуучу шаарларга жергиликтүү жамааттардын укугун коргогон стратегиялык программаларды түзүүгө колдоо көрсөтүлөт.

Тема боюнча

"Тазалыкчылар" аянтка түкүрүп кеткен сагыздарды кол менен тазалоодо. Сүрөт
Белгилер:
түйүн, БУУ, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ