Электрондук капчыкты идентификациялоого бир жумалык мөөнөт калды

© AFP / ISSOUF SANOGOБорьба с киберпреступностью
Борьба с киберпреступностью - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-октябрдан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктардын бардык финансылык операциялары токтотулат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуттук банк жарандарга электрондук капчыктарды идентификациялоого бир жума калганын эскертти.

2020-жылдын 1-октябрынан тарта идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет.

Капчыкты идентификациялоо үчүн өзүнө таандык коммерциялык банктарга, төлөм жүргүзгөн уюмдарга жана уюлдук операторлорго кайрылуу керек. Өзү келип паспортун көрсөтүп же сүрөттү салыштырып текшерүүгө мүмкүн болбосо, видеобайланышты колдонуу менен аралыктан идентификациядан өтүүгө болот.

КРде 1-октябрдан тарта айрым электрондук капчыктардын иши токтойт. Себеби

1-октябрдан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктардын бардык финансылык операциялары токтотулуп, төмөнкү кызматтарды гана колдонууга мүмкүн болуп калат:

  • электрондук капчыгына кирүү;
  • жеткиликтүү маалыматты колдонуу;
  • электрондук капчыгындагы балансты байкап туруу.

Улуттук банк бардык суроолор боюнча тейлеген коммерциялык банкка, төлөм уюмуна, уюлдук байланыш операторуна кайрылууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0