Кыргызстанда резервдеги дарыгерлер коронавирус боюнча окутуудан өтүп жатат

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим алып жаткандардын бардыгы дарыгерлердин резервине кирет. Алар муктаждык жаралса коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын медициналык академиясында дарыгерлердин резервдик кадрын даярдоо максатында COVID-19 боюнча окутуулар өтүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн медиктерге биринчи лекция дистанциондук негизде окулду.

"Лекцияга мугалим-дарыгерлер, ординаторлор жана жогорку курстун студенттери катышып, пандемия боюнча клиникалык протоколдун жаңы версиясын окуп жатышат", — дешти окуу жайдан.

Билим алып жаткандардын бардыгы дарыгерлердин резервине кирет. Алар муктаждык жаралса коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылат. Курска катышкандарга кийин сертификат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0