Көптү үйрөндүк. Онлайн окууну кызыктуу жумушка айлантып алган мугалимдер

CC0 / Pixabay / khamkhorНоутубкта иштеп жаткан аял. Архив
Ноутубкта иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онлайн окутууда мугалимдер кыйналган менен кызыктуу көп нерсени үйрөнө алдык дешет. Арасында жаңы платформаларды тез эле өздөштүрүп, кайра аларды башка педагогдорго түшүндүрүп жайылткан окутуучулар, өзгөчө жаңы программаларды иштеп чыккан мугалимдер бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын айрымдары менен байланышып, онлайн окутуунун пайдасы, жаңы программалар тууралуу сурады.

Бир кезде Бишкектеги мектептердин биринде физика, астрономия сабактары боюнча мугалим болуп иштеген Улан Мамбетакунов пандемия маалында педагогдорго суудай керек болуп, аларга көп нерсе үйрөткөнгө жетишкен. Онлайн-окутуу башталгандан тартып мугалимдерге вебинарларды өтүп, окутуу процессинде керек болчу программалык каражаттарды колдонгонду көрсөтүп, айтып берген.

© Фото / из личного архива Улана МамбетакуноваБишкектеги мектептердин биринде физика, астрономия сабактары боюнча мугалим болуп иштеген Улан Мамбетакунов
Көптү үйрөндүк. Онлайн окууну кызыктуу жумушка айлантып алган мугалимдер - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги мектептердин биринде физика, астрономия сабактары боюнча мугалим болуп иштеген Улан Мамбетакунов
"Мугалимдерге социалдык тармактарга катталганды үйрөттүк. Онлайн-сабак өтүү, окуучулар менен кайтарым байланыш түзүү үчүн кандай программаларды кантип колдонуу керектиги боюнча онлайн-сабактарды өттүк. Айрым аймактарда электр жарыгы, интернет начар. Бул учурда кыйынчылыктар жаралбай койгон жок. Ошого карабай педагогдор вебинарларга катышып, керектүү маалымат алууга далалат кылып жатышты. Башында кыйналышты, бизге да жеңил болгон жок. Бирок вебинарлардын арты менен алар гана эмес, биз да көп жаңы нерсени үйрөндүк", — деди Мамбетакунов.

Ал азыр Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти. Окутуу процесси салттуу режимге кайткан күндө да мындай вебинарларды өткөрүп туруу зарыл деп эсептейт. Ошондой эле өзүнүн бул тармакты өздөштүрүп алганына өкүнбөй турганын айтты.

Борбор калаадагы жеке менчик мектептердин биринде англис тилинен сабак берген Ахмед Маманов эл аралык өзгөчө платформаны кыргызчалаган. Онлайн-окуу учурунда көп мектептерге пайдасы тийүүдө. Ал электрондук күндөлүк жана электрондук журнал. Пандемия башталгандан тарта аталган программага суроо-талап өсүп, буюртмалар арбын түшө баштаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаадагы жеке менчик мектептердин биринде англис тилинен сабак берген Ахмед Маманов
Көптү үйрөндүк. Онлайн окууну кызыктуу жумушка айлантып алган мугалимдер - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы жеке менчик мектептердин биринде англис тилинен сабак берген Ахмед Маманов
"Электрондук күндөлүк жана жүгүртмө — мектептер үчүн атайын түзүлгөн программа. Бирок интернет менен иштейт. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, почта сыяктуу. Бул программа пандемия башталганга чейин эле иштелип чыккан. Өзүм эмгектенген мектеп колдончу. Мектептер онлайн-режимге өткөндөн кийин ага суроо-талап өсүп, алыскы аймактардан бери чалышты. Азыр бул программаны өлкө боюнча 400дөн ашык мектеп колдонуп жатат", — деди ал.

Маманов программанын өзгөчөлүгү, ыңгайлуулугу тууралуу да айтып берди.

"Электрондук журнал менен жүгүртмө мугалимдердин телефон, ноутбуктарына гана жүктөлсө, күндөлүк окуучу, ата-эненин да телефонуна тиркеме сыяктуу көчүрүлөт. Анан мугалим сабактын башында бир-эки мүнөт отуруп ноутбуктан электрондук журнал менен күндөлүктөн балдардын бар-жогун белгилейт. Сабакка катышуусун текшергенде окуучу сабакта жок болсо "келген жок" деген белги ата-эненин да телефонуна барат. Баа коюлган соң ата-эне аны да телефону аркылуу эле ошол замат көрө алат. Ошентип балдарынын сабакка катышып-катышпаганын, кандай баа алганын ата-эне жумушта же үйдө отуруп эле биле алат", — деди Маманов.

Онлайн окуу: сабагын калтырган окуучулар тыкыр көзөмөлгө алынат

Алыскы аймактардагы мугалимдер онлайн окутууда интернет начар болгондуктан бир топ эле кыйналышкан. Бирок балдарга сабак өтүүнүн өзгөчө ыкмаларын дал ушул онлайн окутуудан кийин үйрөндүк дейт алыскы Ат-Башы районундагы айылдардын биринде башталгыч класстардын мугалими Гүлжан Океева.

"Онлайн-сабак өтүүнүн деле түйшүгү көп экен. Балдарды өзүбүз көнүп калган, салттуу режимде окутууга эмне жетсин. Бирок дистанттык окутуунун арты менен көп нерсе үйрөндүк. Мисалы, биз интернеттен эле көрүп жүргөн видеосабактарды монтаж кылып өзүбүз жасап калдык. Мен башталгыч класстарга англис тилинен сабак берем. Сөз менен айтып берип түшүндүргөн башка, аны сүрөт, видео кылып монтаждап жасап көрсөткөн башка экен. Тагыраагы, видеосабактын натыйжасы жогору. Анткени жаш балдар бир нерсенин сүрөтүн, видеосун көргөндө бат кабыл алышат. Болгону аны кайра балдардан сураганга келгенде эле кыйналып жаттык. Онлайн окутуунун арты менен видеону монтаж кылып калдым. Өзүмө да жакты. Кийин салттуу режимде окугандан кийин дагы бул ыкмаларды колдоном деп ойлоп жатам", — деди Океева.

Эске салсак, 2019-2020- жылдын төртүнчү чейрегин мектептер дистанттык режимде окушкан. Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташпай жаткандыктан, 2020-2021-окуу жылынын 1-чейреги да онлайн-режимде башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0