COVID: Бишкекте чакан стационарлар ачылууда. Ленин району боюнча тизме

Жазылуу
Мэриядан билдиришкендей, COVID-19 кайрадан күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда керебеттер даярдалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Сузакта лицейдин эски жатаканасы жугуштуу оорулар бөлүмүнө айланды. Сүрөт

Негизи эле бул райондогу эпидемиологиялык абал менен таанышуу жана күндүзгү стационарлардын даярдыгы тууралуу райондун акими Чынасыл Чыныбаев таанышты.

Ленин районундагы убактылуу чакан стационарлар:

  • №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет;
  • №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет.

Мындан тышкары, №8, 10, 11 стационарлардын базасында дагы 7 орун даяр турат.

Дагы 28 керебет жаңы конуштардагы бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна даярдалууда. Алар:

  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ашар көчөсү) – 14 керебет;
  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ай көчөсү) – 7 керебет;
  • Ак-Ордо жаңы конушу — 7 керебет.

Эске салсак, Ленин районунда жети күндүзгү стационар бар.

Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

Мэриядан кошумчалашкандай, COVID-19 кайрадан күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0