Ош: бала аман-эсен табылды. Бөбөктү каналга түшүп кетти дешкен

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь в селе Энильчек Иссык-Кульской области
Жизнь в селе Энильчек Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланы издөө иштерине ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын өкүлдөрү тартылган. Бөбөк ата-энесине аман-эсен өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга түшүп кетти деген төрт жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 22-сентябрь күнү саат 17:46лар чамасында 112 кызматына Жаңы-Учар айылындагы Кайырма каналына кичине бала түшүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиционерлер жоголуп кеткен 6 жаштагы Чыңгызды тапты. Сүрөт

Издөө иштерине ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын өкүлдөрү тартылып, баланы табышкан. Бөбөк ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилген. ӨКМ анын абалы жакшы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0