Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө

Жазылуу
Өзүн элчиликтин кызматкери катары тааныштырган киши чек арадан өткөрүүгө жардам берем деп ар бир мигранттан 7000 рублден алган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россиядагы кыргызстандыктарды автобус менен мекенге жеткирүүнү убадалап, акчасын алдап кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аты-жөнүн Кубанычбек Жээнкулов деп элчиликтин кызматкери катары тааныштырган жаран Казакстан чек арасын ачканын айткан. Ал жерден автобус менен өткөрүүгө жардам берем деп ар биринен 7000 рублден алып Башкыртстандан Оренбургга алып келген. Натыйжада шылуундун тузагына түшкөн мекендештер ара жолдо калышкан. Бул иш боюнча 22 киши элчиликке арыз жазды.

"Кубанычбек Жээнкулов деген элчиликтин кызматкери жок. Аны жоопко тартуу үчүн КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү РФ ИИМи менен биргеликте издеп жатат. Мыйзамсыз түрдө акча чогултканы үчүн катуу жазага тартылат. Элчилик мекендештерди ушул сыяктуу фактылар болсо кылмыштын алдын алып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн кабарлап коюуга чакырат", — деп жазылган билдирүүдө.

Даттануулар менен Россиядагы элчи Аликбек Жекшенкуловдун elchi.ru сайтындагы жеке блогуна жана КР ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгүнө predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук дареги же +7(926) 890 87 00 ыкчам байланыш номерине кайрылууга болот. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат

Учурда Оренбург облусундагы орус-казак чек арасында Россиянын шаарларынан жана Башкыртстан Республикасынан келген 3500дөн ашык кыргызстандык топтолуп турганы маалым болду.

Элчилик Казакстандын аймагынан автобус менен өтүү үчүн "жашыл коридор" ачып берүү өтүнүчү менен казак тарапка кайрылган. Азырынча жооп келе элек.

Ошондой эле Оренбург облусунун жана Башкыртстандын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ал жердеги кыргызстандыктарга шарт түзүү иштери жүрүп жатканы белгиленди. Ушул тапта Россия тарап аларды акысыз түрдө жатаканаларга, балдар лагерлеринин аймактарына жайгаштырды, мындан тышкары, чатыр лагери түзүлгөн. Айрымдары мейманканаларга жана жатаканаларга жайгаштырылды. Жарандарга үч маал бекер тамак берилип жатканы айтылды.

Ошону менен катары элчилик мекендештерге Казакстан чек арасын толук ача электигин эскертип, өз алдынча келип топтолбоого чакырат.

Мүмкүнчүлүккө жараша учак менен кетүүнү сунуштайт. Ошону менен катар элчилик авиакаттамдардын санын көбөйтүү жана билет баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0