Сасык тумоого каршы вакцина сайчу менчик клиникалардын дареги жана акысы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүШприц кармап турган мед айым. Архив
Шприц кармап турган мед айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы бекер эмдөө тобокелчилик тобуна кирген адамдардын 13 пайызын гана камтый турганын кабарлаган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жеке менчик клиникаларда сасык тумоого каршы эмдөө 600 сомдон 750 сомго чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санэпидемкөзөмөл департаментинин дарыгери Чынара Мамбеталиева билдирди.

Эске салсак, Бишкек менен Чүйдө акысыз эмдөө 16-сентябрдан тарта башталган. Акысыз вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорусу бар, иммунитети алсыз, көп ооруган балдар менен кош бойлууларга, жашы 65тен өтүп калган адамдарга, балдар үйү менен мектеп-интернаттарда тарбиялангандарга, карылар үйүндө жашагандарга, ошондой эле медиктерге сайылат.

Ал эми башка адамдар эмдөөнү акы төлөп алышат. Анткени сасык тумоого каршы бекер эмдөө тобокелчилик тобуна кирген адамдардын 13 пайызын гана камтый турганын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлаган.

Бишкекте акы алып вакцина сая турчу клиникалар:

  • "Цадмир";
  • "Кроха";
  • "Малыш";
  • "Гиппократ";
  • 312-поликлиника;
  • "Интермедикал";
  • "Эдельвейс";
  • "Авиценна";
  • "Элкрит";
  • № 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • № 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
Жаңылыктар түрмөгү
0