Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат

© REUTERS / Siphiwe SibekoЫктыярчы аял COVID-19га каршы вакцина алып жатат. Архив
Ыктыярчы аял COVID-19га каршы вакцина алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Кыргызстандын ортосунда вакцинация системасын жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишим бар. Аны ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчилерден болуп, ооруп калуу коркунучундагы топтогулар алышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат. Эске салсак, Россия менен Кыргызстандын ортосунда вакцинация системасын жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишим бар.

Россиянын вакцинасын жок кылуу далалаты: чоң саясаттагы чакан "келишим"

Үсөнбаев кошумчалагандай, учурда канча вакцина алып келинери боюнча так айтыла элек. Аны аныктоо үчүн калктын канча пайызында вируска иммунитет калыптанганын билүү зарыл. Эмдөө жолу менен калктын 60-70 пайызында COVID-19га каршы антителону калыптандырууга болот. Вакцина айрымдарга акысыз сайылса, айрымдар акча төлөп алышы керек болот.

"Эмдөө мамлекеттик жана жеке медициналык борборлордо жасалат. Оору жугузуп алуу коркунучундагы топтон дагы категориялар аныкталат. Биринчилерден болуп бат-бат ооругандар эмделет", — деди Үсөнбаев.

Вакцина сатып алуу тендер аркылуу ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0