"Түндүк электр" карызы бар 2 700 ишкананын жарыгын өчүрүүгө камынууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПоследствия урагана "Святой Иуда" в Великом Новгороде
Последствия урагана Святой Иуда в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана ыңгайсыздыктан жана жарыкты коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында төлөөгө чакырат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы электр энергиясы үчүн дебитордук карызы бар 2 700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүүнү пландап жатат. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Өчүрүү иштери 23-24-сентябрда жүргүзүлөт. "Түндүк электр" ыңгайсыздыктан жана жарыкты коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында төлөөгө чакырат.

Электр энергиянын жоготууларын эсептеген 3 млн. долларлык долбоор ишке ашууда

Ошондой эле 9-17-сентябрь күндөрү дебитордук карызы бар 9 600 турак жайдын электр энергиясы өчүрүлгөнүн белгилейт. Ошондон кийин гана 8000 абонент карызын төлөгөн.

Жарык үчүн төлөмдөрдү "Кыргыз почтасынан", терминалдардан жана электрондук капчыктардан жүргүзүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0