Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу Боинг учагы
Аэропорттогу Боинг учагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдүн бардыгы бет кап режимин сактоого милдеттүү. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, жарандардын дене табы текшерилет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын "Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу учактар чет мамлекеттерге каттай баштады. Республикалык ыкчам штаб каттамдардын тизмесин жарыялады.

"Манас" аэропорту аркылуу аткарыла турган авиарейстер:

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек;
  • Бишкек — Анталья — Бишкек;
  • Дубай — Бишкек — Дубай;
  • Шарджа — Бишкек — Шарджа;
  • Ташкент — Бишкек — Ташкент;
  • Алматы — Бишкек — Алматы;
  • Бишкек — Москва — Бишкек.

Москва — Бишкек каттамы үчүн билеттер сатыла баштады. Рейстин датасы

"Ош" аэропортунан чартердик рейстер төмөнкү багыттарга каттайт:

  • Москва — Ош — Москва;
  • Ош — Санкт-Петербург — Ош;
  • Ош — Новосибирск — Ош;
  • Ош — Екатеринбург — Ош;
  • Ош — Сургут — Ош;
  • Ош — Красноярск — Ош.

Белгилей кетсек, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмирликтеринин талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары бул өлкөлөргө барганда коронавируска тапшырган ПЦР тестинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Тесттин мөөнөтү үч күндөн ашпоого тийиш. Ал эми Түркияда мындай талаптар жок.

"Бардык жүргүнчүлөрдү жолго чыгар алдында тийиштүү документтерди, ПЦР-тестти алган-албаганын текшерип алууга чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ички каттамдар дагы жанданды. Алар:

  • Бишкек — Ош — Бишкек (күн сайын);
  • Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек (жумасына бир ирет, жума күнү);
  • Бишкек — Баткен — Бишкек (жумасына бир ирет, шейшемби күнү).

Аэропорттун терминалына авиабилети барлар гана кире алат. Жүргүнчүлөрдүн бардыгы бет кап режимин сактоого милдеттүү. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, жарандардын дене табы текшерилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0