09:19 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193
Коом
Кыскача шилтеме алуу
162 0 0

Өлкө башчы кол койгон жарлык боюнча кыргыз жарандыгын алгандардын көбү этникалык кыргыздар экени кошумчаланды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "КР жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө" жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Жээнбеков төрт документке кол койгон.

"Президенттин үч жарлыгы менен 973 адамга КР жарандыгы берилген. Анын 771и чоңдор, 202си балдар. Дагы бир жарлык менен 238 киши кыргыз жарандыгынан чыгарылган. Алардын 186сы чоңдор, 52си балдар", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жарандыгын алгандардын көбү этникалык кыргыздар экени кошумчаланды. Жарлык боюнча кененирээк маалыматты президенттин расмий сайтынан окуй аласыздар.

Тема боюнча

Шаарга караганда айылда ажырашкандардын саны аз. Нике статистикасы
Эми Өзбекстан жарандыгын алуу үчүн өзбек тилин билүү керек. Жаңы талап
Белгилер:
этникалык кыргыздар, жарандык, жарлык, президент

ЭҢ МААНИЛҮҮ