Үгүт учурундагы мушташтын айынан Араван РИИБдин башчысы иштен алынды

Жазылуу
Райондук милициянын жетекчисине жана кызматкерлерине өз милдетин аткарууда кемчилик кетирген деген кине коюлган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шайлоонун үгүт ишинде массалык мушташтын чыгышына жол берген Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Сактан Исмаилов кызматтан алынып, бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Араван районунун Юсупов айыл аймагында кечээ, 20-сентябрда, үгүт ишине чогулган 100дөй адамдын ортосунда жаңжал чыккан. Милициянын билдиришинче, мындан 12 адам жаракат алып оорукана түшкөн. Ал эми 10 жаран кармалып сурак берип жатат. Чыр эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыкканы айтылууда.

Боронов Аравандагы эки партиянын жаңжалын тез арада иликтөөнү тапшырды

Райондук милициянын кызмат адамдарына өз милдетин аткарууда кемчилик кетирген деген кине коюлганы белгилүү болду.

"Үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чагымчылык кылгандарга, атайылап мушташ чыгарган жарандарга жана коомдук тартипти бузгандарга Ички иштер министрлиги мыйзамдын негизинде катуу чара көрөт жана коомдук тартип бузууга жол бербейт. Кимде-ким башаламандыкка жол бере турган болсо тартипке чакырылат, эч ким жоопкерчиликсиз калбайт. Шайлоо мыйзамдарын бузган жарандар катуу жазага тартыла тургандыгын эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коомдук тартипти камсыздоо үчүн партиялар эл менен жолугушуулардын графигин алдын ала ИИМге маалымдап турууну белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0