Ош мэриясы таштандыны чаржайыт ыргыткандар менен күрөшүүдө

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош Наказание за мусор в неположенных местах в Оше
 Наказание за мусор в неположенных местах в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ош-Тазалык" ишканасы жана мэрия аппаратынын кызматкерлери рейддик иш-чараларды дагы күчөтүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош шаарында таштандыны чаржайыт таштаган соода түйүндөрүнө жана жарандарга эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган багытта "Ош-Тазалык" ишканасы жана мэриянын кызматкерлери рейддик иш-чараларды дагы күчөтүп жатканы айтылат.

"Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүндө жол боюна таштанды ыргыткандар көп болорун айтып кайрылышкан. Рейддин алкагында эреже бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, оозеки жана жазуу түрүндөгү эскертүү берилди. Ошондой эле административдик чараларды колдонулары белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошто санитардык эрежени сактабаган кафе, соода түйүндөрү айыпка жыгылды

Мындан сырткары, шаардын тазалыгын сактоо максатында ХБК кичи районундагы Салиева көчөсүнө 15 таштанды салуучу контейнер орнотулганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0