Коронавирус жуктургандар менен айыккандар. Кыргызстандагы соңку статистика

© AFP / RONALDO SCHEMIDTСитуация в Аргентине из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Аргентине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 566 бейтап ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат, ал эми 1762 киши үй шартында дарыланууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде коронавирус илдетинен 94 адам айыгып чыкты. Бирок ушул эле убакыттын аралыгында 81 кыргызстандык вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19дан сакайып чыккандар:

  • Бишкек – 15;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 18;
  • Ош облусу – 8;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 25.

Ушуну менен өлкөдө 41 578 бейтап коронавирусту жеңип чыкты.

Окумуштуулар коронавируска кабылуу коркунучун 5 эсе азайткан ыкма табышты

Бир сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алгандар:

  • Бишкек – 10;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 20;
  • Баткен облусу – 19.

Пандемия башталгандан бери коронавирус илештирип алган кыргызстандыктардын саны 45 416га жетти.

Боронов: форс-мажордук абалга даяр болуп, дарыларды камдайлы

Аны менен катар кечээтен бери өлкө боюнча 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы тастыкталды. Ал эми 4 медик айыгып ооруканадан чыгарылды, үй карантининдеги 18 медкызматкер сакайды.

Кыргызстанда ак халатчандардын арасында 3 199 учур катталып, алардын ичинен 2 801и ооруну жеңе алган.

Өткөн сутка оорудан көз жумгандар болгон жок. Өлкөдө буга чейин COVID-19 илдетинен ажал тапкандардын саны 1 063тү түзөт.

Учурда 566 бейтап ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатса, 1762 киши үй шартында дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0