Штаб: Нарындагы жаңы оорукананын курулушу жарым-жартылай бүтүп калды

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштери
Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы медициналык мекеме 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштеринин 44 пайызы бүтүп калды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күндө оорукананын пайдубалы бүтүп, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабдуулары орнотулду. Учурда имараттын темир тирөөчтөрүн коюу иштери, дубалдарды пеноблок менен тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

Штаб оорукананын курулуш иштерине 76 жумушчу, жети атайын техника тартылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0