Бишкек — Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 19-сентябрда, Россия бир катар мамлекеттер менен аба каттамын жанданта турганы маалым болду. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан тарта Бишкек — Москва аба каттамы такай жума күнү аткарылмай болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаадан Москваны көздөй жүргүнчүлөрдү Avia Traffic Company авиакомпаниясы ташыйт.

Белгилей кетсек, буга чейин РФ Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жанданта турганы айтылып, учактар жумасына бир ирет гана каттай турганы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0