Боронов: форс-мажордук абалга даяр болуп, дарыларды камдайлы

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы аймактардагы ооруканаларды ремонттоо жана профилин өзгөртүү боюнча иштерди эртерээк бүтүрүү тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Форс-мажордук абалга туш келип калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн запасын камдайлы. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында тийиштүү мекемелерге дары-дармектерди толуктап туруу тапшырмасын берди.

"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта республикада зарыл медикаменттердин үч айга жетиштүү көлөмү бар. Бул жакшы, бирок айрым учурда форс-мажордук абал болуп калат. Мисалы, COVID-19дун биринчи толкуну катталганда айрым дарылар жок болуп, эл кыйналды. Экинчи толкун болушу мүмкүн деп айтылып жатат. Андыктан дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек", — деди Боронов.

Өкмөт башчы элди вакцина менен максималдуу түрдө камсыз кылуу маселесине да токтолгон.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады. Статистика

"Аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жиберилди. Кийинки партияларды дагы күнүгө жеткирип туруу зарыл. Жеке менчик клиникалардын акы төлөнүүчү негизде эмдөө жүргүзүүсүнө жардам бергиле. Ошондой эле COVID-19га каршы вакцина менен камсыз кылуу боюнча келишимдерге жетишүү иштерин күчөтөлү", — деди премьер-министр.

Кубатбек Боронов аймактардагы ооруканаларды ремонттоо жана профилин өзгөртүү боюнча иштерди эртерээк бүтүрүү тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө 12 медициналык мекеменин ичинен жети саламаттык сактоо уюму толугу менен курулуп, оңдолуп бүткөнү маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0