Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди

© Фото / из личного архива Калыйбека ТагаеваКыргыз эл артисти, белгилүү композитор Калыйбек Тагаев. Архив
Кыргыз эл артисти, белгилүү композитор Калыйбек Тагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тагаев көпкө созулган оорудан улам 16-сентябрь күнү кечке маал үйүнөн үзүлгөн. Маркумдун артында үч кызы калды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргыз эл артисти, белгилүү композитор Калыйбек Тагаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Ал көпкө созулган оорудан улам 16-сентябрь күнү кечке маал үйүнөн үзүлгөн. Тагаев 80 жашта болчу.

Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты

Маркумду жерге берер алдында митинг өтүп, анда президенттик аппараттын өкүлү Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл артисти Табылды Актанов, Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров сөз сүйлөп, Тагаевдин сиңирген эмгеги тууралуу айтышты.

Калыйбек Тагаев Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде жарыкка келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0