БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкектин бир бөлүгү электр жарыгы жок калгандыгын "Бишкек сегодня" Telegram каналына шаардыктар жазды.
Электр кубаты Көк-Жар, Тунгуч кичи райондорунда жана алардын жанында жайгашкан үйлөрдө өчүп калган.
"Аталган аймакта авария болуп, оңдош үчүн бригада келди. Качан күйөрүн билбейбиз", — деп айтышты Sputnik агенттигинин кабарчысына "Түндүк электр" ишканасынан.
Аталган аймактын жашоочуларынын айтымында трансформатордон от чыккан. Бул болжол менен 23:40 ченде болгон.