Көрсөңүз кабарлаңыз! Даун синдромунан жапа чеккен киши жоголду. Сүрөт

© AFP / HECTOR RETAMALКөчөдө бараткан адам. Архив
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изделип жаткан кишинин так сүйлөй албасын жана өзү жөнүндө маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун айтышты. Акыркы ирет аны Чүй — Шабдан баатыр (Алматы) көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшкөн.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкекте Бекжан аттуу киши жоголуп, аны издеп жатышканын Sputnik агенттигине туугандары айтышты. Маалыматты Свердлов райондук милициясынан тастыкташты.

© Фото / предоставлено родственниками пропавшегоБишкекте дайынсыз жоголгон Бекжан
Көрсөңүз кабарлаңыз! Даун синдромунан жапа чеккен киши жоголду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дайынсыз жоголгон Бекжан

Бекжан үйүнөн кечээ, 16-сентябрда, чыгып кеткен боюнча кайра келген эмес. Акыркы ирет аны Чүй — Шабдан баатыр (Алматы) көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшкөн.

"Даун синдрому менен жапа чегет, так сүйлөбөйт, өзү жөнүндө айта албайт. Бою 160 сантиметр, толук, бетинде операциядан калган так бар, көздөрү чалыр. Боз футболка, күрөң чолок шым жана ошондой өңдөгү бут кийимчен болчу", — дешти туугандары.

Бекжандын кайда жүргөнүн билгендер болсо 0(502) 32-38-36, 0(552) 32-38-36, 0(704) 68-68-62, 0(559) 68-68-62 телефон номерине чалып же милицияга 0(312) 43‒32‒75 ( Свердлов райондук РИИБи) кайрылсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0