Орду толгус оор жоготуу... Калыйбек Тагаевге жазылган некролог

© Sputnik / Мирбек СакеновКыргыз Республикасынын эл артисти жана обончу Калыйбек Тагаев. Архив
Кыргыз Республикасынын эл артисти жана обончу Калыйбек Тагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тагаев 120дан ашык обондордун автору катары элге кеңири таанылган. Обончулардын республикалык сынагын жети жолу жеңип алган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти жана чыгаан обончу — композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан некрологдо жазылат.

Ал чыгармачылык жолунда обончулуктан тышкары өзүн актёр катары сынап, көптөгөн ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган. Аны менен катар бир нече ирет спектаклдерге музыка жазганы айтылат.

"Кыргыз маданиятын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан жана чыгаан обончу — композитор Калыйбек Тагаевдин жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп жазылат некрологдо.

Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты

Калыйбек Тагаев 1940-жылдын 14-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылында туулган. 1961-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 1961-1962-жылдары Ат-Башыдагы Ленин атындагы № 1 мектебинен баштаган.

1963-1969-жылдары Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп эмгектенген.

1970-1974-жылдарга чейин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө билимин жогорулаткан. Андан соң республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис катары иштеген.

"Тоолук кыз" ырын жазган композитор Кубанычбек Осмонов дүйнө салды

Тагаев 120дан ашык обондун автору болуп калың элге кеңири таанылган. Обончулардын республикалык кароо-сынагынын жети жолу жеңип алган. Анын алтымышка жакын обону Кыргыз радиосунун "Алтын казынасына" жазылып, ободон үзгүлтүксүз берилип келет. "Долон", "Сенин элесиң", "Ат-Башым", "Элмира", "Назгүлүм", "Көл вальсы" жана башка ырлары угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Маданият жана кыргыз музыка искусствосуна кошкон салымы жогору бааланып, 1992-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0