Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты

© Фото / из личного архива Калыйбека ТагаеваКРдин эл артисти, белгилүү композитор Калыйбек Тагаев. Архив
КРдин эл артисти, белгилүү композитор Калыйбек Тагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин эл артисти, белгилүү композитор Калыйбек Тагаев 80 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Залкар инсан 18-сентябрь күнү жерге берилет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскерип, өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Атасыз өткөн балалык. Калыйбек Тагаев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип, кичинекей кезинде атасы согушка кетип, ошол бойдон аны көргөн эмес. Апасы 21 жашында жесир калып, турмушка чыкпай эки баланы тарбиялап чоңойткон. Кичинекей Калыйбек талаада комбайндан калган арпа, буудайды терип, оңгулуктуу кийим-кече кийбей, жылаңайлак жүрүп өскөн. Ошол учурду кийин мынтип эскерген жайы бар: "Эсимде, согуш аяктап бизге кийим таратты. Топчулары жылтырайт, биз аны кайра-кайра сүртүп кийип жүрдүк. Көрсө, бизге немистердин өлгөн балдарынын кийимдерин тараткан экен".

© Фото / из личного архива Калыйбека ТагаеваКалыйбек Тагаев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип, кичинекей кезинде атасы согушка кетип, ошол бойдон аны көргөн эмес.
Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Калыйбек Тагаев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип, кичинекей кезинде атасы согушка кетип, ошол бойдон аны көргөн эмес.

Балким бийчи же учкуч болмок. Мектепте окуп жүргөндө хор ийримине катышып, ырларды айтып, орус, украин бийлерин бийлеп калчу. Атайын Ленинград шаарынан келген комиссия элеттик Калыйбекти да тандаган. Алар сынактан өткөн өспүрүмдөрдү бий өнөрүнө үйрөтмөк. Бирок апасы уулун алыс жакка жибербей койгон. Кийин Нарын шаарына келип учактын түрлөрүн жасап, республикалык сынактарга катышып, учкуч болууну самаган. Жаш талант Россиянын Тамбов шаарына барып окумай болгон. Анда дагы үйдөгүлөрү каршы чыгып өспүрүмдү алып калышкан.

Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты

Окууга түнү менен шашып... 1957-жылы айылдагы мектепти аяктаган соң жашоо-шартка байланыштуу жогорку окуу жайга тапшыра албай, Нарындагы педагогикалык училищенин дене тарбия бөлүмүнө өткөн. Ага чейин Калыйбек жеңил атлетика, лыжа, бокс менен машыгып жүргөн. Аны бүткөндөн кийин гезит бетинен Караколдо музыкалык бөлүм ачылганын окуп, түнү менен жүк ташуучу унаага түшүп алып Ысык-Көлгө жол тарткан.

© Фото / из личного архива Калыйбека ТагаеваКРдин эл артисти бир нече жыл мурун Карамолдо Орозов атындагы академиялык оркестр, симфониялык жана камералык оркестр менен үч чоң концерт коюп, эки жолу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, ал сыйлык ыйгарылган эмес.
Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти бир нече жыл мурун Карамолдо Орозов атындагы академиялык оркестр, симфониялык жана камералык оркестр менен үч чоң концерт коюп, эки жолу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, ал сыйлык ыйгарылган эмес.

Жумамүдүн Шералиевдин шакирти. Караколдогу окуусун аяктаган соң Ат-Башыда мектепте мугалим болуп иштеп, кийин чакыруу менен Талас, Нарын театрларында эмгектенип калган. Ошентип маданияттын казанында кайнап, эл аралап калган. Ал учурда колунан аккордеонун түшүрбөгөн Тагаевдин бир топ чыгармалары аткарылып, таанылып калган. Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрында иштеп жүргөн кезде Жумамүдүн Шералиевден таалим-тарбия алып, сахнада кесипкөй актёрлордой эле бир катар ролдорду аткарган жайы дагы бар.

Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты

Кондучалованын көзүнө илинген талант. Аймакта иштеп жүргөндө обончуну ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова байкап калып, аны өзү борборго чакыртып, Фрунзе шаарындагы Искусство институтунда билим ал деп кеп-кеңеш берген. Ал институттун теория жана композиция бөлүмүн 1974-жылы аяктаган.

© Sputnik / Мирбек СакеновПенсия курагындагы залкар акыркы учурда көп ооруп, жалгыз түтүн булатып келген. Обондорун радио, телевидениеге өткөрө албай убара тартып жүргөн. Бир да жолу туулган күнүн белгилебеген Тагаев аманчылык болсо 80 жылдык мааракесинде концерт берүүнү пландап келген эле.
Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Пенсия курагындагы залкар акыркы учурда көп ооруп, жалгыз түтүн булатып келген. Обондорун радио, телевидениеге өткөрө албай убара тартып жүргөн. Бир да жолу туулган күнүн белгилебеген Тагаев аманчылык болсо 80 жылдык мааракесинде концерт берүүнү пландап келген эле.

120дан ашык обондун автору. Композитор эң биринчи обонун 20 жашында жазган. Чыгармачылыгында "Элмира", "Долон", "Ат-Башым" өңдүү 120дан ашык ырга обон жараткан. Анын эмгектерин кезинде Болот Миңжылкыев, Дарика Жалгасынова, Кайыргүл Сартбаева аткарса, азыр да Майрам Дүйшекеева, Гүлзат Байзакова, Токтобек Асаналиев, Гүлнур Сатылганова, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиевалар ырдап жүрөт. Тагаев башка кесиптештеринен айырмаланып ыр саптарына өтө терең маани берип, акындар менен тыгыз иштешип, тексти жок обон чыгарчу эмес.

Чыгармачылыкка арналган 60 жыл. КРдин эл артисти бир нече жыл мурун Карамолдо Орозов атындагы академиялык оркестр, симфониялык жана камералык оркестр менен үч чоң концерт коюп, эки жолу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, ал сыйлык ыйгарылган эмес.

© Фото / из семейного архива Калыйбека ТагаеваКомпозитор жашоосунда эки жолу үй-бүлө куруп төрт кыздуу болуп, бир кызы мектеп босогосун аттаганда чарчап калган. Узак убакыт уулдуу болууну эңсеп, бул үчүн экинчи ирет да үйлөнгөн.
Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Композитор жашоосунда эки жолу үй-бүлө куруп төрт кыздуу болуп, бир кызы мектеп босогосун аттаганда чарчап калган. Узак убакыт уулдуу болууну эңсеп, бул үчүн экинчи ирет да үйлөнгөн.

Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор жашоосунда эки жолу үй-бүлө куруп төрт кыздуу болуп, бир кызы мектеп босогосун аттаганда чарчап калган. Узак убакыт уулдуу болууну эңсеп, бул үчүн экинчи ирет да үйлөнгөн.

Калыйбек Тагаев: немистердин өлгөн балдарынын кийимин жыртып чоңойдук

Көңүл сыртында калган залкар. Пенсия курагындагы залкар акыркы учурда көп ооруп, жалгыз түтүн булатып келген. Обондорун радио, телевидениеге өткөрө албай убара тартып жүргөн. Бир да жолу туулган күнүн белгилебеген Тагаев аманчылык болсо 80 жылдык мааракесинде концерт берүүнү пландап келген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0