Жуктурганы – 81, айыкканы 107 киши. Коронавирус боюнча өлкөдөгү соңку статистика

© AFP / NORBERTO DUARTEМедициналык кызматкер кишинин температурасын текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер кишинин температурасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда коронавируска кабылган 527 бейтап жатат, ал эми 1 788 кыргызстандык үй шартында дарыланууда.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Соңку бир сутка ичинде COVID-19дан 107 адам айыгып чыкты, ошол эле маалда 81 кишинин вирусту жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Айыгып чыккандар:

  • Бишкек – 52;
  • Чүй облусу – 4;
  • Ош облусу – 9;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 16.

Өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын саны 41 317ге жетти.

Өлгөндөр миллионго жетип... БУУ COVID көзөмөлдөн чыгып бара жатканын айтты

Ооруну жуктуруп алгандар:

  • Бишкек - 7;
  • Ош - 4;
  • Чүй облусу – 8;
  • Ош облусу - 22;
  • Талас облусу - 3;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу - 15.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган кыргызстандыктардын жалпы саны 45 153 адамды түздү.

Адис: коронавируска каршы эмдөө жүрмөйүн экинчи эмес, онунчу толкун да болот

Өткөн суткада өпкөнү сезгенткен оорудан каза болгондор катталган жок.

Азыркы тапта ооруканаларда коронавируска кабылган 527 бейтап жатат, ал эми 1 788 кыргызстандык үй шартында дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0