БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы туура эмес жерге таштанды ыргыткандарды көргөндөр кайда кайрыла аларын айтып, керектүү телефон номерлерди жарыялады.
Мэриянын маалымат кызматы ар кайсы жерде жаткан акыр-чикирди көрүп калгандар болсо да кабарлап коюуну өтүндү.
"Мындай учурларды үй, квартал комитеттеринин башчыларына жана жергиликтүү аймактык башкармалыктарга кабарлап коюңуздар", — деп айтылат билдирмеде.
Мэрия соцтармакка жарыялагандан көрө чалып айтылган маалымат шаардык кызматтарга бат жете турганын кошумчалады.
"Тазалык": Бишкектин жаңы конуштары таштанды чыгаруунун акысын төлөбөй келет
Андан сырткары, шаардыктар сall-борбордун 1840, 1850 номерлерине күнү-түнү чалса болот. Ошондой эле (0554) 18-21-85 номерине сүрөт, видео жөнөтө алышат.
Ар бир арыз катталып, атайын кызматтарга тапшырыла турганы белгиленди.