Оорудан сактайт. Республикалык штаб элди эмдөөдөн өтүүгө чакырууда

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүАял укол алып жатат. Архив
Аял укол алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда вакциналар аймактарга жеткирилип жатат. Жарандар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз эмделет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата иммунитетин жогорулатып, илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдириши боюнча, сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн вакцина өлкөгө алып келине баштады.

Адис: коронавируска каршы эмдөө жүрмөйүн экинчи эмес, онунчу толкун да болот

"Эмдөө тобокелчилик тобуна кирген адамдарга (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмеге ылайык) — өнөкөт оорусу барларга, кош бойлууларга, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернаттагы балдарга, медицина кызматкерлерине жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт. Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Жарандар бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмделет", — деп айтылат маалыматта.

Эмдөө иштерин кынтыксыз уюштуруу боюнча жергиликтүү бийликке жана тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0