Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат

© Фото / Пресс-служба МЧС КРКара-Кечедеги жер көчкүнүн кесепеттери
Кара-Кечедеги жер көчкүнүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын комиссия жер көчкү түшкөн аймакты изилдеп чыгып, аны тазалоо мүмкүн эместигин аныктаган. Айланма жолду куруу бүгүн эртең менен башталды.

БИШКЕК, 16-cен. — Sputnik. Нарында жер көчкү түшкөн Дыйкан — Кара-Кече жолун тазалоо мүмкүн болбой калды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

© Фото / пресс-служба Минтранс КРПоследствия оползня на трассу по пути к угольному месторождению Кара-Кече в Нарынской области
Маалыматка ылайык, атайын комиссия жер көчкөн аймакты изилдеп чыгып, аны тазалоо мүмкүн эместигин аныктаган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Маалыматка ылайык, атайын комиссия жер көчкөн аймакты изилдеп чыгып, аны тазалоо мүмкүн эместигин аныктаган
© Фото / пресс-служба Минтранс КРПоследствия оползня на трассу по пути к угольному месторождению Кара-Кече в Нарынской области
Буга байланыштуу айланма жол куруу чечими кабыл алынган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Буга байланыштуу айланма жол куруу чечими кабыл алынган
1/2
Маалыматка ылайык, атайын комиссия жер көчкөн аймакты изилдеп чыгып, аны тазалоо мүмкүн эместигин аныктаган
2/2
Буга байланыштуу айланма жол куруу чечими кабыл алынган

Маалыматка ылайык, атайын комиссия жер көчкөн аймакты изилдеп чыгып, аны тазалоо мүмкүн эместигин аныктаган. Буга байланыштуу айланма жол куруу чечими кабыл алынган.

Алайда көмүр казгандар петроглифтерди талкалап жатканы айтылды. Бийлик эмне дейт

"Бүгүн, 16-сентябрь, эртең мененки жетиден тарта курулуш иштери башталды. Бир тилкенин куруу мөөнөтү 10-12 күнгө созулмакчы. Шагылдуу жерге техниканын кириши дагы кыйын болууда. Учурда жолду салууга унаалар тартылып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн. Тоодон кулаган таш менен топурак Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тосуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0