19:54 27 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.6530
  • RUB1.0349
Коом
Кыскача шилтеме алуу
65 0 0

Элди жарык менен камсыз кылган ишкана ашыкча чыгымдардан оолак болуу үчүн акчаны убагында төлөөгө чакырды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Эртең, 17-сентябрдан тарта, "Түндүк электр" ишканасы карызы бар батирлердин жарыгын өчүрө баштайт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматта жарандар карызынан кутулгандан кийин гана кайра жарык берилери белгиленген.

"Ыңгайсыздыктан жана жарыкты коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында төлөөгө чакырабыз", — дешти ишканадан.

Жарык үчүн төлөмдөрдү "Кыргыз почтасынан", терминалдардан жана электрондук капчыктардан аткарууга болот.

Тема боюнча

"Түндүк электр" миллиондоп карыз болгон 10 ишкананын тизмесин чыгарды
Белгилер:
карыз, жарык өчүрүү, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы, "Түндүк Электр" ишканасы

ЭҢ МААНИЛҮҮ