Онлайн той берген Миррахим: "чакырбайсың" дегендер да, эшик тээп киргендер да болду

© Фото / Айбек БайымбетовСвадьба дизайнера Миррахима Опоша в онлайн формате
Свадьба дизайнера Миррахима Опоша в онлайн формате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги үлпөт тоюн онлайн өткөргөн дизайнер Миррахим Опош менен баарлашты. Маектешибиз өзгөчө тойдун оң жана терс жактарын айтып берди.

Пандемия жашоодо көп нерсени, анын ичинде дүркүрөп өткөн тойдун форматын да башка нукка буруп салды окшойт. Азыркы заманда бир бөлмөдө 10го жетпеген адамдын коштоосундагы үлпөт тойду элестетүү мүмкүн эмес. Бирок дал ушундай өзгөчө той Бишкекте өттү.

Жакшылык ээси Миррахим Опош менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева баарлашты. 

© SputnikМиррахим Опош: досторум "сен азыраак чыгым болоюн деп ушул учурду күтүп жүргөн окшойсуң" деп тамашалашты
Онлайн той берген Миррахим: чакырбайсың дегендер да, эшик тээп киргендер да болду - Sputnik Кыргызстан
Миррахим Опош: досторум "сен азыраак чыгым болоюн деп ушул учурду күтүп жүргөн окшойсуң" деп тамашалашты

— Чакан чөйрө менен өзгөчө форматта той бериптирсиз. Бул бардык эле адамдын колунан келе бербесе керек.

— Ооба, тоюбуз өзүбүздүн студиябызда өттү. Жаныбызда техникалык топту кошпогондо 5-6 эле жакын адамдар болду. Мындай чечим кабыл алуу үчүн баары бир эрк керек экен. Башында "мага элдин жактоосу керекпи же бата керекпи" деген нерсени чечип алыш керек болду. 10 киши бата береби же 50 киши болобу, эң негизгиси биз үчүн чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектер маанилүү эле.

— Той пандемиядан улам ушундай форматта өттүбү же башынан эле ойлоп жүргөн планыңар беле?

— Досторум "сен азыраак чыгым болоюн деп ушул учурду күтүп жүргөн окшойсуң" деп тамашалашты. Негизи келинчегим менен быйыл күздө үйлөнөбүз деп пландаган элек. Бирок тойдун форматын өзгөчө кылууну көптөн бери ойлоп жүргөм. Көп издендик. Көпкө көө жаппайм, бирок азыркы жакшылык, тойлор бир шаблонго салынган. Баары окшош, жаттама баталар. Сөзгө жан берип, энергетикасы менен каалоо-тилек айткан киши аз. Ошондуктан биз жык-жыйма адамды чогулткан жокпуз. Башкы максатыбыз жакындардын жакшы кебин, каалоо-тилегин экран артында болсо да угуп, бата алуу болчу. Онлайн-той менен деле ошол нерсеге жеттик. Негизи Live (түз эфир) кылсакпы деген ой-тилек бар эле. Анткени чет өлкөдө дос-тааныштар көп. Анан той минтип кокустан пандемияга туш келип калды. Жакындарыбыздын коопсуздугун, ден соолугун биринчи орунга койдук.

Алгачкы жакшылыгыбыз болсо, анда бирөө-жарымдын ооруп калышын каалаган жокпуз. Жакшылыктын жакшылык менен башталганы маанилүү. 

© Фото / Айбек БайымбетовМиррахим Опош: 10 киши бата береби же 50 киши болобу, эң негизгиси биз үчүн чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектер маанилүү эле
Онлайн той берген Миррахим: чакырбайсың дегендер да, эшик тээп киргендер да болду - Sputnik Кыргызстан
Миррахим Опош: 10 киши бата береби же 50 киши болобу, эң негизгиси биз үчүн чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектер маанилүү эле

— Той онлайн болгону менен каада-салттын баары жасалды да, ээ?

— Каада-салтты, наркты үй-бүлөбүз менен бийик койгон адамдарбыз.

Колуктумду үйүнөн кадимкидей кыргыздын каадасын жасап, апам сөйкө салып, кол менен алып кеттик. Бирок шагырап көп киши барган жокпуз. Чакан эле адам менен барып, жакшы отуруп келдик. Калың деп чабылган жокпуз. Калың-сеп маселесин акылга салып, эсептеп оокат кылалы деп башынан эле сүйлөшкөнбүз. Ал акчаны стартап же чыгармачылыктагы бир чоң жумушума сарптаганым дурус эмеспи. Эң башкысы, эненин сүт акысын жакшылап, нааразы болбогондой бердик. Апам да кыздын энеси ыраазы болсун деп анын наркын башынан бекиткен эле.

Бишкек: коронавирустан улам онлайн-той кылып үйлөнгөн түгөйдүн видеосу

— Өзгөчө тойдун артыкчылыктарын атап бериңизчи. Эмнеси менен эсиңизде калды?

— Эң биринчи — эч ким жан дүйнөбүзгө бүлүк салган жок. Техникалык жактан эле бир аз даярданганыбыз болбосо күч-кубатыбызды кетирген жокпуз, энергиябыз өзүбүздө калды. Чыгым аз кетти, баары эркин болду. Шаблонго салынган, окшош нерселерди биздин тойдон көрө алган жокмун. Ар ким каалаган кийими, каалаган тамагы, суусундугу менен каалоо-тилек айтып жакшы маанайда ырдап-күлүп отурдук. 

© Фото / Айбек БайымбетовМиррахим Опош: тойго техникалык жактан эле бир аз даярданганыбыз болбосо күч-кубатыбызды кетирген жокпуз, энергиябыз өзүбүздө калды
Миррахим Опош: тойго техникалык жактан эле бир аз даярданганыбыз болбосо күч-кубатыбызды кетирген жокпуз, энергиябыз өзүбүздө калды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Миррахим Опош: тойго техникалык жактан эле бир аз даярданганыбыз болбосо күч-кубатыбызды кетирген жокпуз, энергиябыз өзүбүздө калды
© Фото / Айбек БайымбетовМиррахим Опош: өзүм адамдар менен жандуу баарлашканды, кучакташканды жакшы көрөм. Онлайн-тойдо анте алган жокпуз. Жандуу баарлашууга эмне жетсин.
Миррахим Опош: өзүм адамдар менен жандуу баарлашканды, кучакташканды жакшы көрөм. Онлайн-тойдо анте алган жокпуз. Жандуу баарлашууга эмне жетсин. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Миррахим Опош: өзүм адамдар менен жандуу баарлашканды, кучакташканды жакшы көрөм. Онлайн-тойдо анте алган жокпуз. Жандуу баарлашууга эмне жетсин.
1/2
Миррахим Опош: тойго техникалык жактан эле бир аз даярданганыбыз болбосо күч-кубатыбызды кетирген жокпуз, энергиябыз өзүбүздө калды
2/2
Миррахим Опош: өзүм адамдар менен жандуу баарлашканды, кучакташканды жакшы көрөм. Онлайн-тойдо анте алган жокпуз. Жандуу баарлашууга эмне жетсин.

— Кемчиликтеричи?

— Кемчиликтер деле болду, бирок мен анысын азыраак көрдүм. Өзүм адамдар менен жандуу баарлашканды, кучакташканды жакшы көрөм. Онлайн-тойдо анте алган жокпуз. Жандуу баарлашууга эмне жетсин. Жумушта иш кычап жатса да отура калып сүйлөшкөн жагат. Азыркы техника өнүккөн заманда жандуу баарлашуу маанилүү деп ойлойм. Ошол жагынан эле кемчилик болду. Анткен менен көпчүлүк көнүп калган ZOOM программасынын жардамы менен жакындарымдын башын кошуп сонун той өткөрүп, чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерди уктук. Мындай той берсек 50дөн ашык киши чакыра алмак эмеспиз. Ал эми онлайн-тойдо бир эле учурда чет жактагы тааныш, туугандардын баары кошулду.

— Адатта той ээлери, айрыкча жаш жубайлар үлпөт тойго даярданам деп бир топ чыгымга учурап калышат. Онлайн-тойдо акча аз сарпталса керек.

— Каражатты ойлонуп жумшадык. Кооз көйнөк кийип, кортеж кылабыз дегендей өтө деле жаш эмеспиз. Жогоруда айткандай, калың-сеп маселесин башында эле сүйлөшүп алганбыз. Ошондо онлайн-тойго биз башында эсептеп жаткан каражаттын 30 пайызы эле кетти. 70 пайызы өзүмдө калды. 

© Фото / Айбек БайымбетовМиррахим Опош: экөөбүздүн интеллектуалдык деңгээлде көз карашыбыз, табиятыбыз окшош. Ал тургай табиятка, адамга болгон мамилебиз да бирдей. Абдан кызыктуу адам.
Онлайн той берген Миррахим: чакырбайсың дегендер да, эшик тээп киргендер да болду - Sputnik Кыргызстан
Миррахим Опош: экөөбүздүн интеллектуалдык деңгээлде көз карашыбыз, табиятыбыз окшош. Ал тургай табиятка, адамга болгон мамилебиз да бирдей. Абдан кызыктуу адам.

— Мал союлдубу?

— Онлайн-тойдо мал союлган жок. Бирок үйдөн үч мал сойдук. Анда таякелеримди чакырып үйдөн бата алып, тамак бердик. Ошондой эле кошуналарыбызды чакырдык. Анткени кыргызда "алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" деген кеп бар эмеспи. Эл айткан үчүн эмес, бул нерсе керек деп ойлойм. Эки жактан тең чакан эле топ келип даам сызып кетишти.

Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн ресторан, тойканалар ачылат

— Тойго чакырбай койдуң деп таарынгандар да чыкса керек.

— Онлайн-тойго апам да келген жок. Батасын, каалоо-тилегин экран артында берди. Таарынгандар болду, бирок айрымдары чакырбасам да эшикти тээп эле киришти (күлүп). 

© Фото / Айбек БайымбетовМиррахим Опош: той өзүбүзгө аябай жакты. Баары жандуу болду. Кызыктуу, күлкү келтирген учурдар да болбой койгон жок.
Онлайн той берген Миррахим: чакырбайсың дегендер да, эшик тээп киргендер да болду - Sputnik Кыргызстан
Миррахим Опош: той өзүбүзгө аябай жакты. Баары жандуу болду. Кызыктуу, күлкү келтирген учурдар да болбой койгон жок.

— Жанатан бери той тууралуу суроо узатып жатам. Эми келинчегиңиз жөнүндө да айтып бересизби. Эмне иш кылат? Онлайн-той өткөрүү оюңузга каршы чыккан жокпу?

— Келинчегим менен 11 жылдан бери таанышпыз. 2009-жылы биринчи көрүшкөнбүз, бирок кийин жашообуз эки башка кеткен. Кайра эки жыл мурда жолуктук. Өзү гуманитардык чөйрөдө эмгектенет. Манас дүйнөсүнө кызыккандыктан, оюбуз дал келди. Экөөбүздүн интеллектуалдык деңгээлде көз карашыбыз, табиятыбыз окшош. Ал тургай табиятка, адамга болгон мамилебиз да бирдей. Абдан кызыктуу адам. Өзү Өзбекстанда төрөлүп, балалыгы Казакстанда өтүп, кийин Кыргызстанга келген. Бардык маданият менен аралашып чоңойгон. Ошондуктан жашоо кызыктуу болот деп ойлойм. Тойдун форматын экөөбүз акылдашып жасадык.

— Эң негизгиси, өзүңүздөргө жакса болду да.

— Аябай жакты. Баары жандуу болду. Кызыктуу, күлкү келтирген учурдар да болбой койгон жок. Апам ZOOM платформасын WhatsApp сыяктуу көрүп, жалгыз эле сүйлөшүп жаткандай баарын күлкүгө салды.

Студиябызды "7-асман" командасы жасалгалап, той үч тилде (англис, кыргыз, орус) өттү. Коноктор өздөрүн эркин алып отурушту. Ашыкча тамак-аш, ысырапчылык болгон жок. Мен негизи өтө көп малдын союлушуна башынан эле каршымын.

Кафеде өткөн тойлордо башкалар чыгып тост сүйлөп, каалоосун айтып жатса отургандар шарактатып тамак жеп, анын сөзүнө көңүл да буруп койбойт. Ушул нерсе менин жүрөгүмдү оорутчу. Өзүмдүн тоюмда андай нерсе болгон жок. Биз калыпка салынып, мааниси кетип калган тойлорду азайтышыбыз керек. Тойдун максаты бата алуу да. Ошол нерсенин азыр баркы кетип калды. 

© Фото / Айбек БайымбетовМиррахим Опош: дизайнерликке философия кесибинде толук кандуу калыптангандан кийин келгем. Бул тармак аң-сезимди жетилтти, руханий жактан жан дүйнөмдү толуктады, андан соң табияттан берген өнөрүмдү ишке ашырууга чоң өбөлгө түздү.
Онлайн той берген Миррахим: чакырбайсың дегендер да, эшик тээп киргендер да болду - Sputnik Кыргызстан
Миррахим Опош: дизайнерликке философия кесибинде толук кандуу калыптангандан кийин келгем. Бул тармак аң-сезимди жетилтти, руханий жактан жан дүйнөмдү толуктады, андан соң табияттан берген өнөрүмдү ишке ашырууга чоң өбөлгө түздү.

— Миррахим мырза, ушунча маекке чакыргандан кийин чыгармачылыгыңыз тууралуу да суроо узатайын. Өткөн жылы "Шерден" деген аталышта мода көргөзмөсүн уюштурдуңуздар. Сизди дизайнер катары тааныйбыз. Бирок философия тармагы боюнча да билим алган турбайсызбы?

— Ийне-жип — бул менин куралым. Дизайнерликке философия кесибинде толук кандуу калыптангандан кийин келгем. Университетте ушул жаатта 10 жыл окудум. Андан кийин беш жыл философиядан сабак берип иштедим. Илимий диссертация жаздым. Дизайнерлик чөйрөгө ушул этаптардан кийин келдим. Бул жакка пайдубалды философия түптөдү десем болот. Аң-сезимди жетилтти, руханий жактан жан дүйнөмдү толуктады, андан соң табияттан берген өнөрүмдү ишке ашырууга чоң өбөлгө түздү. Мен философия тармагына жөндөмүмдү, табиятымды таануу үчүн баргам. Жети жылда араң бышып жетилдим.

Кафе-ресторандарда 100 кишиге чейин отурууга уруксат берилиши мүмкүн

Дизайнерлик мага кандан берилген талант. Чоң энем убагында мыкты тикмечи болуптур. Ата-бабам тоодо, чек арага жакын жерде жашагандыктан, чоң энем аскер кийимдерин айдын жарыгына тикчү экен. Апам дагы кол өнөрчү, сиз айткандай, салтты жакшы билген адам. Ал ар дайым менин дүйнөмдү толуктап турат. Ал эми философия менин интеллектуалдык, руханий корум болду. "Өтө кызыл бат оңот" дегендей, эптеп бирдеме кылып чыкпастан жети жыл дегенде бул чөйрөдө жетилип, акыры "Шердендин" бет ачарын жасадык. Биздин коллекцияны бул чөйрөнү жакшы түшүнгөн адамдар колдонот.

Жаңылыктар түрмөгү
0