Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү19-я Российская агропромышленная выставка "Золотая осень-2017"
19-я Российская агропромышленная выставка Золотая осень-2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис жашылчадан жасалган салаттар ашказанда жакшы сиңиши үчүн өсүмдүк майы менен аралаштырууну сунуштаган. Ошондой эле кычкыл тартып турган азыктарды, тагыраагы, имбирь, хрен, чеснок жана пиязды колдонуу керектигин айткан.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Дарыгер-диетолог Наталья Пугачева арыктайм дегендер күнүмдүк тамакка колдоно турчу азык-түлүктөрдү санап берди. Анын кеңештерин РИА Новости жазды. 

Адистин билдиришинче, ашыкча салмактан арылам дегендер салат жегенди адатка айлантышы керек. Бөтөнчө шпинат менен сельдерейден жасалгандары пайдалуу.

30 килограммга чейин арыктаган. Улгайган аял сыры менен бөлүштү

Ошондой салат жалбырактары клетчаткага, фолий жана аскорбин кислотасына бай. Ал эми курамындагы калий табигый заара чыгаруучу касиетке ээ.

"Капуста, бадыраң, кызылчанын дагы калориясы аз болгондуктан арыктаганга жакшы жардам берет. Ошондой эле тамактын сиңишин жөнгө салып, энергиянын алмашуусуна көмөктөшөт. Андан сырткары, ачуу тартып турган жашылчаларды — имбирь, хрен, чеснок жана пиязды азыкка колдонууну сунуштайм. Ар биринин пайдалуу компоненттери менен биологиялык активдүү заттары бар", — деген Пугачева.

Дарыгер жашылчадан жасалган салаттарды ашказанда жакшы сиңирүү үчүн өсүмдүк майы менен бир аз аралаштырууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0