Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты

© REUTERS / LAM YIKКөчөдө бараткан маскачан кыз. Архив
Көчөдө бараткан маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык адистин айтымында, илдетти жеңүү үчүн жуктургандар менен айыккан жарандар бет кап кийүү режимин сакташы керек.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова коронавирусту кайталап жуктурган адамдар Россияда дагы, дүйнөдө дагы саналуу экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Дүйнө жүзү боюнча илдетти кайталап жуктургандар жокко эсе. Болсо да буга алардын иммундук системасынын бузулушу себеп болгонун изилдөөлөр көрсөттү", — деди Попова.

Ал ошондой эле бет кап кийүү режимин ооругандар да, айыккандар да сакташы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0