Кара-Кечеде таш токтобой кулап жатат. Өкмөт өкүлдөрү жерине чыгып кетти

Жазылуу
Азыркы учурда узундугу болжол менен 3,5 чакырым айланма жол куруу үчүн Ат-Башы районунан, Талас, Ысык-Көл облустарынан атайын техникалар тартылууда.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Нарындагы Кара-Кече кенинде дагы эле таш токтобой кулап жатат. Жерине өкмөт өкүлдөрү чыгып кетти. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүргөн. Тоодон кулаган таш менен топурак Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тосуп калган

Кырсык болгон жерге премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен ӨКМ, Транспорт жана жолдор министрликтеринин өкүлдөрү жана "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчисинин орун басары чыгып кеткен. Учурда дагы эле токтобой таш кулап жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Алайда талкаланган петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты

Маалым болгондой, азыркы учурда Жол чарба департаменти тарабынан узундугу болжол менен 3,5 чакырым айланма жол куруу үчүн Ат-Башы районунан, Талас, Ысык-Көл облустарынан атайын техникалар тартылууда.

Көмүр кенине барчу жол кечээ, 14-сентябрда, 18:00дөн баштап толугу менен жабылганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0