Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар жолду өтүп бара жатат. Архив
Окуучулар жолду өтүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков министрдин сунушун колдоп, салттуу окуу режимине этап-этабы менен өтүү зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-сентябрь күнү, мамлекет башчы менен министр онлайн жыйын курганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса, октябрь айынан тарта окуучуларга мектепте билим берүүнү пландап жатабыз", — деди министр.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мындай сунушту колдой турганын айтып, окуу процессин салттуу режимге этап-этабы менен өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Мектептерге 25 миң компьютер алынып, электрондук окуу материалдары түзүлөт

Министр ошондой эле президентке оңдолуп, курулуп жаткан мектептер, билим берүү системасын 2020-2040-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясы боюнча дагы отчёт берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0