Адис: COVID-19дан айыккан адам 90 күнгө чейин вирус жайылтышы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер жана бейтап ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер жана бейтап ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдетке кабылып, бирок дарыланып, айыгып кеткен адамдын анализдери таза чыкса да, ал башка адамдарга үч айга чейин кооптуу экени айтылды.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. COVID-19 менен ооруп айыккан адам 90 күнгө чейин вирус жайылтышы мүмкүн. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, вирус адамдын мурду аркылуу абага тарайт.

"Биздин бүгүнкү байкоолорубуз боюнча вирустун инкубациялык мөөнөтү — 48 күн. Бирок чет элдик изилдөөлөр 90 күнгө созуларын көрсөттү. Адамдын анализдери таза чыкканы менен мурду аркылуу вирус жайыла берет экен", — деди Попова.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, оору жуктургандардын саны 28,6 миллион адамга жетти. Алардын 917 миңи көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0