Министр: сасык тумоого каршы вакцина аймактарда таратыла баштады

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүОРВИ растет, ОКИ снижается
ОРВИ  растет, ОКИ снижается - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вакцинанын экинчи партиясы 700 миң дозаны алуу 21-сентябрдан кийин чечилет. Ал эми үчүнчү этабы 27-октябрдан 1-ноябрга чейин келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 15-cен. — Sputnik. Өкмөт сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясын сатып алган. Алар учурда республиканын бардык аймактарына таратылууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эмдөө 16-сентябрда Бишкек менен Чүй облусунда башталат. Андан кийин калган аймактарда жүргүзүлөт.

"Акысыз вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары барларга, оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга сайылат. Ошондой эле аны алгачкылардан болуп балдар үйлөрүндөгү, интернаттагы бөбөктөр, карылар үйүндөгү адамдар, медицина кызматкерлери алышат", — деди министр.

Ал белгилегендей, вакцинанын экинчи партиясы 700 миң дозаны алуу 21-сентябрдан кийин чечилет. Ал эми үчүнчү этабы 27-октябрдан 1-ноябрга чейин келиши күтүлүүдө. Анда 70 миң доза алып келинери кошумчаланды.

Сасык тумоону коронавирустан кантип айырмаласа болот? Түшүндүрмө

Министр профилактикалык эмдөө бардыгына жасала турганын, бирок сатып алынган вакцина жетпегендиктен, аны жеке медициналык борборлордо акы төлөп уюштуруу чаралары көрүлүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0