COVID статистикаcы: 80 бейтап айыгып, 71 адам оору жуктурду

© REUTERS / GONZALO FUENTESМедициналык кызматкер анализ тапшыруу учурунда
Медициналык кызматкер анализ тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 999га жетип, анын ичинен 41 103 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, дарт 1 063 адамдын өмүрүн алды.

БИШКЕК, 15-cен. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 80 бейтап айыкты. Ошол эле учурда кайра 71 адам оору жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 22;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй облусу — 11;
  • Ош облусу — 7;
  • Талас облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу —11;
  • Жалал-Абад облусу — 15;
  • Баткен облусу — 9.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 13;
  • Ош — 3;
  • Чүй облусу — 4;
  • Ош облусу — 9;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Жалал-Абад облусу — 10;
  • Баткен облусу — 23.

Бактыга жараша, коронавирустан каза болгон учур катталган жок.

Европада COVID-19дан көп адамдын көз жумары айтылууда

Жалпысынан алганда өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 999га жетип, анын ичинен 41 103 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, дарт 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Учурда 502 бейтап ооруканада, ал эми 1 890 киши үйүндө дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0