Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы каттам 20-сентябрда жанданат

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүAir Astana авиакомпаниянын Airbus A320neo учагы. Архив
Air Astana авиакомпаниянын Airbus A320neo учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска байланыштуу өлкөлөр ортосундагы каттамдар токтотулган болчу. Жакында эле Москвада эки өлкөнүн ТИМ башчылары жолугушуп, аталган маселени талкуулаган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туруктуу авиакаттам 20-сентябрда жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, Алматы — Бишкек — Алматы каттамы "Эйр Астана" авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолу, шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылып турмакчы.

Кыргызстан дагы эки өлкө менен авиакаттамын жандантты

Белгилей кетсек, 9-сентябрда Москва шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди менен жолугуп, мамлекеттер ортосундагы рейстерди калыбына келтирүүнү кеп кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0