Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шейшембиге караган түнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерине кар түшөт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. 15-сентябрда күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Кайра күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас өрөөнүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл аймагында +16...+21, Нарын жергесинде +18…+23 градус жылыйт.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ош калаасында +29...+31 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0