Бүгүндөн тарта өлкөдө музей, китепканалар иштеп баштайт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКитепкана. Архив
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын санитардык эрежелерди сактоо максатында алгоритм иштелип чыгып, Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүн, 14-сентябрдан тарта, өлкөдөгү музей жана китепканалар өз ишин кайрадан жандантат. Бул тууралуу Маалымат, маданият жана туризм министрлиги билдирди.

Ал үчүн атайын санитардык эрежелерди сактоо максатында алгоритм иштелип чыгып, Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган.

Кыргызстанда кинотеатрлар 25-сентябрдан тарта иштеши мүмкүн

Маалыматка ылайык, музей жана китепканалардын ишин жандантууда коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу каралат. Ошондой эле министрлик койгон талаптарга ылайык, мекемелердин имаратына кирүү алдында кызматкерлердин жана коноктордун дене табы текшерилип, ичинде жүргөндө социалдык аралык сакталышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0