Өткөн суткада өлкөдө COVID-19дан каза тапкандар катталган жок

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус Кыргызстандын аймагында катталгандан бери өлкөдө аны жуктуруп алып көз жумгандардын саны 1063кө жетти.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бирок учурда өлкөдө коронавирустан ооруп калгандардын саны үзүлө элек. Бактыга жараша, акыркы күндөрү коронавирус адам өмүрүн алып кеткен жок.

Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөт кыргызстандыктарды вирустан сактануу эрежелерин бекем кармоону элге эскертип жатат.

Ал эми пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирус жуктуруп алып көз жумгандардын саны 1063 адамга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0