Жумушсуз жүргөндөр министрликтин сайтына катталып, иш тапса болот

Жазылуу
Жарандар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги түзгөн сайттан бош жумуш орундарынын тизмесин тапса болот же издеп жаткан иш боюнча электрондук арыз жөнөтө алышат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Иши жок жүргөндөр аралыктан туруп эле жумушка орношуу бөлүмүнө катталып койсо болорун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Буга чейин аталган бөлүмгө барып катталышчу, эми Zanyatost.kgсайтына кирип, каттоо деген жагынан арыз тапшырууга болот.

Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика

Эгерде суроолор жаралса, иш менен камсыз кылууга көмөктөшкөн бардык аймактык бөлүмдөрдүн номерлерине чалууга мүмкүн.

Мындан тышкары, сайттан бош жумуш орундарынын тизмесин табууга болот же издеп жаткан иш боюнча электрондук арыз жөнөтө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0