Белгилүү дипломат Эрик Асаналиев көз жумду

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваЭкс посол Кыргызстана в Таджикистане Эрик Асаналиев
Экс посол Кыргызстана в Таджикистане Эрик Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асаналиев дипломатияда өзүн өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын коргоо менен алдыга жылдырууга жана эл аралык аренада Кыргызстандын ордун бекемдөөгө олуттуу салым кошкон тажрыйбалуу жетекчи жана дипломат катары көрсөткөнү белгиленди.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Белгилүү дипломат Эрик Асаналиев 61 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта анын көптөн бери ооруп жүргөнү айтылат.

Асаналиев 1959-жылы 2-майда Ысык-Көл облусунун Каракол районунун Ак-Булуң айылында туулган.

Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых

1994-жылы өз ишин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдар тутумунда Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалары боюнча элчиси катарында баштаган.

1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы, 2010-2012-жылдары Беларустагы элчиси, Литва менен Латвиядагы КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигин айкалыштыруу менен КМШнын уставдык жана башка органдарына караштуу Кыргызстандын туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Асаналиев дипломатияда өзүн өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын коргоо менен алдыга жылдырууга жана эл аралык аренада Кыргызстандын ордун бекемдөөгө олуттуу салым кошкон тажрыйбалуу жетекчи жана дипломат катары көрсөткөнү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0