БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Тамакты отко коюп бышырууда тазаланган майларды, тагыраагы, атайын ыкма менен жыт, даамы жана башка заттары кетирилгендерин колдонуу зарыл экендигин РИА Новостиге дарыгер-диетолог Светлана Фус айтып берди.
Анын баамында, ден соолукка пайдалуу майлардын сап башында зайтундуку турат. Аны кара айнектеги бөтөлкөлөрдө сактоо сунушталат, себеби пайдалуу майлардын көбү жарыкта бузулуп кетет.
Көмөч казан эскирип калганын кантип билсе болот? Шеф-повардан кеңештер
"Айрыкча зыгыр май менен уруктарындагы май кислоталары туруксуз келет. Алар жадагала кычкылтекке аралашканда бузулгандыктан ысык жерден, жарыктан алыс сактоо керек", — деген адис.
Ал кошумчалагандай, тамак-ашты майы жок жасоо пайдалуураак. Анын ордуна азыкты сууга кайнатып, демдеп, фольгага бышырса болот.