Ошто санитардык эрежени сактабаган кафе, соода түйүндөрү айыпка жыгылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПроверка соблюдения санитарно-эпидемиологических норм в Оше
Проверка соблюдения санитарно-эпидемиологических норм в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн вице-мэр Асылбек Топчубаев башында туруп, бир катар тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери рейдге чыгышкан.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгында санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү.

Бүгүн, 12-сентябрда, текшерүү иш-чарасына Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев башында турган бир катар тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышкан.

"Көпчүлүктүн эс алуучу жайларга келип, бирок гигиеналык стандарттарды жана эрежелерди сактабай жүргөнү көрүндү. Бул шаардыктарга түшүндүрүү иштерин мындан ары да күчөтүү зарылдыгын жаратты. Адистер айтып жаткан коронавирустун жана пневмониянын экинчи толкунунан сактануу чаралары көрүлүшү керек", — деди вице-мэр.

Натыйжада бир коомдук тамактануу жайына, бир нече соода түйүнүнө жана эт саткан жайларга протокол толтурулуп, административдик чаралар көрүлдү.

Душман кете элек! Боронов COVID кесепети боюнча элге кайрылды. Видео

Мындан тышкары, Западный кичи районунда коомдук транспорттор дагы текшерүүгө алынган.

Мэрия рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0